Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

И. Исаков: К. Батыров мыйзам алдында жооп берет


Убактылуу өкмөттүн түштүктөгү атайын өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков бул тууралуу бүгүн Жалал-Абадда жергиликтүү эл менен жолугушууда билдирди. Кадыржан Батыров адамгерчиликтүү болгон үчүн өзүнүн айткандары боюнча кечирим сурады, бирок башка кылган иштери боюнча мыйзам алдында жооп берет, деп баса белгиледи. Жалал-Абаддагы Өзбек маданий борборунун жетекчиси Кадыржан Батыров Баш мыйзамдын долбоору жана айрым кылмышкерлер тууралуу айткан сөзү үчүн кечирим сурап видео кайрылуу тараткан. Жалал-Абад шаарында жергиликтүү эл К. Батыровдун айткандарына жаалданып 19-майда көчөгө чыгышкан. Шаардагы К. Батыровго таандык делген “Элдердин достугу” университетинин жанындагы кагылыштан үч адам өлгөн, жетимиштен ашууну жаракат алган. Ошол күнү Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал жарыяланып, 30-майга чейин коменданттык саат киргизилген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG