Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

Орусия чек арасына жакын америкалык ракеталардын жайгаштырылуусун сынга алды


Орус тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүндө айтылгандай, Патриот үлгүсүндөгү америкалык ракеталардын Польшанын аймагында жайгаштырылуусу коопсуздукка же ишенимге жардам көргөзбөйт. Бирок билдирүүдө Орусия буга каршы эмне жооп чара көрөрүнүн кандайдыр бир белгиси байкалбайт. Душмандын күчтөрү тарабынан атылган ракеталарды талкалоого багытталган бул жабдуу Польшанын түндүгүнө, Орусиянын Калининград облусу менен чектеш аймакка 24-май күнү жайгаштырылган эле. Америкалык тараптын билдирүүсүнө караганда, жабдуу поляк күчтөрүн машыктыруу үчүн орнотулду жана алдыдагы эки жыл ичинде АКШнын 150 аскери менен кошо Польшанын улам бир жерине көчүрүлүп турат.

XS
SM
MD
LG