Премьер-министр Брюс Голдинг бул тууралуу өлкө борбору Кингстондо жергиликтүү наркобарондун күчтөрүнө каршы жасаган чабуул учурунда кеминде 31 адамдын өмүрү кыйылгандан кийин билдирди. Ямайканын өкмөтү Кристофер Коук ысымдуу наркобаронду аны айыптаган Кошмо Штаттарга өткөрүп берүү чечимин чыгарган. Бирок жактоочулары аны коргоо үчүн баррикада орнотууга чейин барышты. Тутанган тополоңдон улам Ямайканын бийликтери борбордо өзгөчө абал киргизүүгө аргасыз болду.