Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

АКШ Мамкатчысы Түндүк Кореяны жоопко тартууга чакырды


Хиллари Клинтон бүгүн Сеулдан сүйлөгөн учурунда Түштүк Кореянын аскерий кемесине торпедо атып, чөктүрүп жибергени үчүн дүйнө өлкөлөрүн Түндүк Кореяга каршы чара көрүүгө үндөдү:

- Эл аралык көз карандысыз иликтөө калыс, далилдер жетиштүү, жыйынтык айныксыз болду. Бул Түндүк Кореянын кабыл алынгыс чагымы жана эл аралык коопчулук жооп чара көрүүгө милдеткер.

Клинтондун айтымында, кемени чөктүргөнү үчүн Түндүк Кореяга каршы көрүлүүчү чара боюнча АКШ Түштүк Корея жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен кеңешет. Ал эми Пхеньян 26-мартта орун алган жана 46 моряктын өлүмүнө алып келген бул окуяга тиешеси жоктугун билдирип келүүдө жана жазалоо чаралары согушка алып баруусу мүмкүн экенин эскерткен. Аталган окуядан улам эки коңшу өз ара алакаларын токтотту. Бул аралыкта бүгүн Кытай Түштүк Кореянын кемесинин чөгүшүнө тиешелүү маалыматтарды али өз алдынча иликтеп жатканын, “тирешүүгө караганда диалогго” артыкчылык берерин билдирди.

XS
SM
MD
LG