Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

“Мекен шейиттеринин” өкүлдөрү Роза Отунбаева менен жолугушту


Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева бүгүн түштөн кийин “Мекен шейиттери” кыймылынын жыйырмадай өкүлүн кабыл алып талаптарын укту. Анда апрелдеги кандуу окуяга байланыштуу айыпталып, кылмыш иши козголгон жарандарды кармоо иштери кандай жүрүп жатканын маалымдады. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдын мүчөсү Кайрат Шабданбеков билдирди.

7-апрелдеги кандуу кагылышта окко учкандардын жакындары түзгөн «Мекен шейиттери» кыймылынын өкүлдөрү бүгүн алгач Түркиянын Бишкектеги элчилиги алдында пикет өткөрүшүп, экс-президент Бакиевдин Түркияда эместигин уккан соң парламент имаратынын жанына чогулушкан. Алар кандуу окуяга күнөөлүүлөрдү таап, жазалоо талабын коюп келишүүдө.

XS
SM
MD
LG