Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Өзбекстан менен Тажикстандын талашы НАТОнун жабдылышын үзгүлтүккө учуратты


НАТОнун командачылыгы астындагы Эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн (ISAF) билдиргенине караганда, Өзбекстан Тажикстандын түштүктөгү Хатлон району менен темир жол каттамдарын токтотконуна байланыштуу алар Ооганстанга жүк жеткирүүнүн багытын өзгөртүүсү мүмкүн. НАТО күчтөрүнүн басма сөз катчысы (Goetz Hasske) Рейтердин кабарчысы менен маегинде белгилегендей, НАТОнун айрым жүктөрүнүн ташылуусу “аймакта жүрүп жаткан саясий тирештен” улам кармалууда. НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнө багытталган, күйүүчү май, азык-түлүк өңдүү аскерий эмес жүгү соңку кездери Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу да ташылып жаткан.

Тажикстандын темир жол компаниясынын башчысынын орун басары Усмон Каландаровдун айтымында, 24-майга карата Тажикстанга багытталган 2500 контейнер Өзбекстан аймагында кармалып калган. Алардын 300дөн ашууну НАТОнун Ооганстанга багытталган жүгү болчу. Тажикстан Өзбекстанды жүктү атайлап өткөрбөй жатканы үчүн айыптаган, бирок Ташкент муну “техникалык” себептер менен гана байланыштырууда. Эки коңшу өлкөнүн мамилеси Тажикстандын Рогун ГЭСнин курулушун аяктоо планынан улам начарлап кетти. Өзбекстандын көз карашында, буга окшогон долбоорлор аймактагы суу тартыштыгын мурдагыдан да күчөтөт.

XS
SM
MD
LG