Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Орусиянын түштүгүндө жарылуу болду


Жарылуу Ставрополь шаарында Москва убактысы боюнча кечки саат 18дерде болду. Орус маалымат агенттиктеринин билдиргенине караганда, андан кеминде үч адам өлүп, жети киши жаракат алган. Жергиликтүү бийликте өзгөчө кырдаалдар маселесин тейлеген Борис Скрипканын айтымында, жарылуу маданият, спорт үйүнүн жанында болгон жана бомба ушул имаратка коңшу турган кафеде коюлгандай. Учурда тергөө жүрүп жатат. Ставрополь -Чеченстандын борбору Грозныйдан 350 чакырымдай аралыкта жайгашкан шаар.

XS
SM
MD
LG