Венгриянын парламенти улутук венгр бардык жарандарга Венгриянын кош жарандуулугун тартуулоо тууралуу мыйзам кабыл алды. Бул мыйзам коңшулаш Словакияда терең кыжырданууну жаратты, 2 жарым миллиондон ашуун венгрлер ушу тапта Словакия, Румыния жана Сербияда жашашат. Жаңы мыйзам боюнча, алар ата-теги венгрлер болгонун, венгр тилинде сүйлөй алаарын жана эч кандай кылмыштарга аралашпаганын көрсөтө алса, Венгриянын жараны болууга укуктуу. Коңшулаш Словакия бул мыйзам улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет деп билдирди.