Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Ү.Сыдыковдун баш коргоо чарасын өзгөртүү арызы каралат


Бүгүн Бишкек шаардык соту “Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Ү.Сыдыковдун баш коргоо чарасын өзгөртүү арызын карайт. Бул тууралуу анын адвокаты Татьяна Чильникина кечээ маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Үсөн Сыдыковго сот камакка алуу боюнча туура эмес чечим чыгарып, аны Улуттук коопсуздук кызматтын убактылуу кармоочу жайына камоосу түшүнүксүз.
Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев 13-14-майдагы Ош менен Жалал-Абад, Баткендеги окуяларга тиешеси бар деп шектелген биртоп кишилерге кылмыш иштери ачылганын, алардын арасында мурдагы президенттин кеңешчиси Үсөн Сыдыков, Кыргызстан коммунисттеринин лидери Искак Масалиев да бардыгын маалымдаган.
“Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Үсөн Сыдыков 14-майда Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, камакка алынган. (AJ)

XS
SM
MD
LG