Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:26

Дооронбек Садырбаевди эскерүү кечеси өтөт


Кыргыздын чыгаан улуу, жазуучу жана кинорежиссер, белгилүү коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевди эскерүү кечеси Бишкекте эртең, 28-майда Улуттук филармонияда, 29-майда Ош шаарында, 30-майда Жалал-Абад шаарында өтөт. Аты аталган шаарлардын көчөлөрүнө ысымы ыйгарылат. Ошондой эле Ала-Бел ашуусуна эстелик тургузулаары айтылууда. Маданият министрлиги Д.Садырбаевге Кыргыз эл баатыры наамын ыйгарууну сунуш кылууда. Эскерүү кечесине Убактылуу өкмөт мүчөлөрү катышат. (КЕ)
XS
SM
MD
LG