Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Аскар Акаевдин кол тийбестик макамы алынат


Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин сот, прокуратура тармагын жетектеген орун басары Азимбек Бекназаров бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бул боюнча укуктук маселелер каралып, аягына чыгып калды. Мындан сырткары президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө жана Текебаевге байланышкан “Матрешка” жаңжалына байланышкан иш кайрадан каралат. Буларга байланышкан иш жаңы ачылган жагдайга жараша Жогорку Соттун кароосуна өткөрүлүп берилди. Мындан сырткары 2005-жылы Улуттук банктын Жалал-Абаддагы филиалынан уурдалды делеген 22 млн. сомго байланышкан иш кайрадан ачылып, иликтене баштады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG