Мурдагы президент Бакиевдин кеңешчиси Үсөн Сыдыковдун баш коргоо чарасын өзгөртүү арызын бүгүн Бишкек шаардык соту карап, аны өзгөртүүсүз калтырды. Ага ылайык Ү. Сыдыков 31-июлга чейин абакта болот. Шаардык соттун бул чечимине анын адвокаты Татьяна Чильникина каршы чыгып, Жогорку Сотко арызданарын кабарлады.
“Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Үсөн Сыдыков 14-майда Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, камакка алынган. Ага 12-14-майдагы митингдерди уюштурууга аракет жасаган деген айып тагылууда. (КЕ)