Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Дооронбек Садырбаевге Кыргыз эл баатыры наамын ыйгаруу сунушталды


Мындай демилгени Убактылуу өкмөттүн бүгүнкү кеңейтилген жыйынында Азимбек Бекназаров көтөрүп чыкты. Мындай сунушту Маданият министрлиги да киргизип жаткан. Ошондой эле Д.Садырбаевдин атын “Кыргызтелефильмге” ыйгаруу сунушу айтылып, бул Убактылуу өкмөт мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды.

Дооронбек Садырбаевди эскерүү кечеси Бишкекте 28-майда Кыргыз улуттук филармонияда, 29-майда Ош шаарында, 30-майда Жалал-Абад шаарында өтөт. Аты аталган шаарлардын көчөлөрүнө ысымы ыйгарылат. Ошондой эле Ала-Бел ашуусуна эстелиги тургузулаары айтылууда. Эскерүү кечесине Убактылуу өкмөт мүчөлөрү катышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG