Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:59

Түндүк Корея Түштүк Корея менен алкасын токтотот


Түндүк Корея талаштуу деңиз чек арасында ар кандай кагылышууларды болтурбоо үчүн Түштүк Корея менен мурда түзүлгөн келишимди бузат. Пхеньяндын маалымдашынча, мындан ары Түндүк Кореянын деңиз сууларында пайда болгон Түштүк Кореянын кемелерине “токтоосуз сокку урулат”. Билдирүү Түштүк Корея батыш жээгинде согуштук кемелердин машыгуусун өткөргөн соң жасалды.

Пхеньян-Сеул арасындагы мамиле 26-мартта Түштүк Кореянын “Чхонан” деген аскерий кемеси деңизге чөгүп, 46 аскер набыт болгондон тарта бузулган. Өткөн аптада көз карандысыз эл аралык комиссия “Чхонанга” түндүк кореялык торпедо тийип, чөгүп кеткенин тастыктаган маалыматтарды жарыялаган. Пхеньян кырсыкка эч кандай тиешеси жок экенин айтууда.

XS
SM
MD
LG