Ташкен шаардык соту таанымал журналист Хайрулла Хамидовду тыйуу салынган экстремистчил “Жихадчылар” уюму менен байланышы бар, “коомго жана коопсуздукка коркунуч туудурган адабиятты таркатты” деп күнөөлөп, 6 жылга эркинен ажыратты. “Азаттыктын” Өзбек кызматынын маалымадашынча, Хамидов менен кошо исламчыл топтун мүчөсү деп айыпталып, дагы 18 киши соттолду.
Ислам жөнүндөгү радиопрограмманын алып баруучусу Хайрулла Хамидовду өзбекстандыктар спорттук комментатор жана акын катары билишет.