Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

У.Барктабасовдун иши Биринчи май райондук сотунда каралат


Бүгүн “Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасовго байланыштуу иш Биринчи май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу анын жактоочусу Акин Токталиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, сотто мындан беш жыл мурда Урмат Барктабасовго издөө салууну жана аны камоо боюнча токтомду жокко чыгаруу маселеси каралат.

Президенттикке тарапкерлигин койгон Урмат Барктабасовдун жактоочулары 2005-жылдын 17-июнунда массалык акция уюштуруп, Ак үйгө кирип барышкан. Тартип коргоо кызматы аларды газ чачып, таркаткан. Бул маселе ошол жылы 18-июнда К.Бакиевдин жетекчилиги менен өткөн Коопсуздук кеңешинде талкууланып, бийликти күч менен басып алуу аракети катары бааланып, Урмат Барктабасовго кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган болчу. (AJ)

XS
SM
MD
LG