Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Корей жарым аралында тирешүү күч алды


Түндүк Корея коңшулаш өлкө менен аскердик келишимден чыгып, Сеул деңизде ири машыгуу өткөрдү. Анын алдында Түндүк Корея коңшусу андай көнүгүү өткөрсө, ал Корей жарым аралын согушка алып барып такайт деп эскерткен эле. Жооп катары Пхеньян 2004-жылы Түштүк Корея менен кол койгон деңиз үстүндөгү чек арада куралдуу кагылышууларга жол бербөө тууралуу келишимден чыкканын жарыялады. Бир жума мурдараак Сеул март айында сууга чөккөн аскердик кемесин Пхеньян торпедо атып жайлаган деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG