Бул тууралуу өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева бүгүн Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн 18 жылдык мааракесинде билдирди. Анын маалыматына ылайык, тартип сактоо жана чек ара кызматкерлери үчүн эмгек маяна 50%, ал эми коргоо тармагынын кызматкерлери үчүн 40% көбөйтүлөт. Ошондой эле куралдуу күчтөрдө эмгеги сиңгендер үчүн пенсия көлөмү да жогорулатылат. (EK)