Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:57

Караколдо У.Барыктабасовдун жактоочулары митинг өткөрүүдө


“Мекен Туу” партиясынын 200гө чукул мүчөлөрү Караколдо облустук акимчилик имараты алдында митинг өткөрүүдө. Алар партия лидери “Урмат Барыктабасовдун мекенине кайтып келүүсүнө тоскоолдук кылып жатат” деп Убактылуу өкмөткө нааразычылык билдирип турушат. Чогулгандар алдына Ысык-Көл облусунун губернаторунун милдетин убактылуу аткаруучу Мирбек Асанакунов чыгып, Барыктабасов жеке менчик учак менен Кыргызстанга келип, ал аба учак эрежелерине шайкеш келбегендиктен өлкөгө киргизилбегенин айтты. Губернатор мында эч кандай саясий негиз болбогонун ишендирип өттү. Ушу сааттарда митинг уланууда.

Бүгүн Биринчи май райондук соту мындан беш жыл мурда Урмат Барктабасовго издөө салуу жана аны камоо боюнча токтомун күчүндө калтырган чечимин чыгарды. (EK)

XS
SM
MD
LG