Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:16

“Эл арманы”: 24-майда митингде бийликти басып алалы деген эмеспиз


24-майдагы митингдин уюштуруучулары бүгүн маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар акча үчүн митингге чыкпаганын, бийликти басып алууга аракеттенбегенин айтышып, буга чейин аларга ушул өңдүү коюлуп келген айыптоолорду четке кагышты. “Эл арманы” партиясынын саясий кеңеши митинг тынч маанайда уюштурулганын айтып, “миллион сомдун эсебин сурагандыгыбыз үчүн бизди жаманатты кылышты” деп Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө наразычылык билдиришти. “Түштөнүү маалында митингчилер үчүн партия эсебинен тамак-аш алынып келгендиги мындай айыптоолор үчүн жүйөө эмес” дешет партия мүчөлөрү.

Убактылуу өкмөттүн жасап жаткан иш-аракеттери тууралуу отчет берүүнү талап кылып жүзгө жакын адам 24-майда Жогорку Кеңеш алдына митингге чыгышкан. (EK)

XS
SM
MD
LG