“Эркин Тоо” гезитинин 2010-жылдын 20-майындагы санында жарыяланган Конституциянын кыргыз жана орус тилдериндеги долбоорлорундагы жана “Конституцияны колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамдын кыргыз тилиндеги вариантындагы айрым техникалык жана редакциялык так эместиктерди жою максатында Убактылуу өкмөтү декрет кабыл алды. Декретте БШКга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз аракетте болуп, декретке ылайык аймактагы шайлоо комиссияларын түзөтүүлөр тууралуу зарыл материалдар менен камсыздоо милдети жүктөлгөн. (EK)