Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

Нарындыктар жок дегенде бакиевдердин бирөөсүн сот жообуна тартууну талап кылышты


Мындай талап “Демократия жана жарандык коом үчүн” биримдигинин Нарындагы өкүлчүлүгү уюштурган Бишкек-Нарын видеокөпүрөдө айтылды. Ага катышкан Утурумдук өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил Каптагаевге нарындыктар облустун ыңкылапка чейинки губернатору А.Акматалиевдин жаңы кызматка дайындалышына, облусттук, райондук деңгээлдеги кадр саясатына нааразычылыктарын билдиришти. Ошондой эле өткөн парламенттик, президенттик шайлоолор боюнча чыныгы жыйынтыктарды жарыялоону талап кылышп, учурдагы бийлик башчыларын өз ара ынтымактуу болууга чакырышты. Аны менен катар референдумдан кийин тез арада парламенттик шайлоо өткөрүү учурга ылайык экенин да айтып чыгышты. Э.Каптагаев үч партия монополист болду деп башка тараптар күнөөлөбөш үчүн алардын даярдыктарын эске алышаарын билдирди. Жыйынтыгында нарындыктар Утурумдук өкмөттүн ишине ийгилик каалашып, К.Бакиевдин жок дегенде бир жакынын сот жообуна тартууну талап кылышты.(JI)

XS
SM
MD
LG