Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:34

Нарында шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү атайын окуудан өттү


27-июнга белгиленген жалпы элдик референдумду өткөрүү үчүн түзүлгөн Нарын облустук, райондук, шаардык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү атайын окуулардан өттү. Бүгүн жыйынтыкталган эки күндүк иш чарага Нарын облусунан сырткары аймактык жактан жакын болгон Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун шайлоо комиссиясы да келди. Окууну Борбордук шайлоо комиссиясы IFES менен бирдикте өткөрдү. Ал эми референдумду өткөрүүгө республикалык бюджеттен 4 млн. 814 миң 600 сом бөлүнгөн, акча каражаттары келерки жумадан баштап райондорго которулат деп кабарлады Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы Майрам Тиленчиева. (JI)

XS
SM
MD
LG