Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Табигый ресурстар боюнча министр милдетин аткаруучу Д. Камчыбеков бошотулду


Ага анын ишиндеги бир катар кемчиликтер, кызматтык тартипти жана эрежелерди сактабаганы себеп болгонун Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы бүгүн кечинде кабарлады. Анда табигый ресурстар боюнча министр милдетин аткаруучу Дүйшөнбек Камчыбеков бүгүн Убактылуу өкмөт башчынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусуна чакырылганы, жолугушуу учурунда "Талды-Булак сол жээк" долбоору боюнча макулдашууну аткарууда "Алтынкен" ЖЧКсы тарабынан кетирилген кемчиликтер тууралуу маселе козголгону айтылат. Министр милдетин аткаруучу Д. Камчыбековдун ишинин мыйзамдуулугун текшерген Улуттук коопсуздук кызматынын материалдарында "Алтынкен" мурдагы макулдашуунун шарттарын аткарбаганына карабай аталган министрликтин жетекчилиги макулдашуу шарттарын өзгөртүү боюнча бул ишкананын өтүнүчүн канааттандыруу чечимин кабыл алганы белгиленген.

Мындан сырткары Д. Камчыбеков Убактылуу өкмөт башчынын орун басары А. Атамбаев менен жолугушуудан кийин лицензиялык макулдашуунун эки түп нускасын тиешелүү тартипте жокко чыгаруучуларга өткөрүп бергендин ордуна ошол жерде тытып, ыргытып жиберген.

Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта Д. Камчыбеков УКМК текшерүүлөрүнүн негизинде аныкталган кемчиликтерин моюнга алуу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы, Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаева аны кызматтан бошотуу боюнча буйрукка кол койгону да айтылат.(SM)






XS
SM
MD
LG