Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы байкоочуларды даярдады


Бул тууралуу Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы уюмунун жетекчиси Динара Ошурахунова бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 35 адам өлкөдө узак мөөнөттүк байкоолорду жүргүзүү үчүн, ал эми 1000 киши 27-июндагы референдум күнү өлкө боюнча бардык шайлоо түйүндөрүндө көз карандысыз байкоолорду жүргүзүүгө даярдалды.

Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы учурда Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы менен шайлоочулардын тизмесин тактоо жана каттоо боюнча кызматташууну пландаштырууда.

Убактылуу өкмөттүн ушул жумадагы жыйынында адыдагы референдумга катыша турган өлкө жарандарынын санын тактоо бир топ оорчулуктарды пайда кылып жатканы белгиленип, ал тургай эгерде 30 пайыздан кем шайлоочу гана добуш берүүгө катышса, анда референдум үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деген кооптонуу айтылган. (GA)

XS
SM
MD
LG