Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өлкө түштүгүнө барат


Бүгүн Ош шаарында кыргыздын белгилүү уулу, маданий жана саясатчы ишмер, мурдагы депутат Дооронбек Садырбаевдин дүйнө салганынын эки жылдык эскерүү иш-чаралары өтүүдө. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Ө.Текебаев, А.Бекназаров, Д.Чотонов, Б.Мамырова, Р.Момбеков ал иш-чараларга катышуу үчүн өлкө түштүгүнө барышаары алдын-ала маалымдалган. Ал эми эртең (30-майда) Жалал-Абад облусундагы Дооронбек Садырбаевдин кичи мекени Ноокен районунда маркумду эскерүү иш-чаралары улантылат.

Д.Садырбаевдин ысмы Бишкек, Ош шаарларынын көчөлөрүнө, "Кыргызтелефильмге” ыйгарылып, Ала-Бел ашуусуна эстелик тургузулаары маалымдалды. Ушул жумада Убактылуу өкмөттүн жыйынында маркум Д.Садырбаевге Кыргыз Эл баатыры наамын ыйгаруу сунушу жактырылды. Ал 2008-жылы 28-майда 69 жаш курагында катуу оорудан кийин көз жумган. (GA)

XS
SM
MD
LG