Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

Жалал-Абадда өкмөттүк күчтөр коомдук жайларды кайтарууда


Жалал-Абадда жакында орун алган окуяларга тиешеси бар деген шек менен кармалган он бир киши облустук прокуратурага жеткирилди. Мындай маалыматты 29-майда Сузак району менен Жалал-Абад шаарынын комендантынын маалымат кызматы таркатты. Билдирүүдө бул аймактарда коомдук-саясий абал толук көзөмөлдө экендиги айтылaт.

Комендантка баш ийген өкмөттүк күчтөр облустун тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында коомдук мекеме-жайларды көзөмөлгө алып, шек туудурган унааларды да текшерүүдө. Текшерилген 1033 унаанын 45и жол эрежесин бузганы аныкталды. Анын ичинен сегизи айып пул алуучу аялдамага коюлду. Өзгөчө кырдаал шарты киргизилген мегилде 278 даана ок атуучу курал-жарак алынганы маалымдалды. (YA)

XS
SM
MD
LG