Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Сох: чек ара маселесин чечүү талабы жаңырууда


Сох анклавындагы тирешүүлөрдөн кийин суусуз калган Чарбак айылына убактылуу ичүүчү суу берилди. Мындай маалыматты облустук акимчиликтин басма сөз катчысы Мамажан Бердишов «Азаттыка» билдирди. Анын айтымында, Өзбекстандын Хушяр айылынын тургундары менен Баткен районунун Согмент айыл жашоочуларынын 26-майдагы тирешүүсүнөн бери Хушярдын четинен өткөн суу куурлары үзгүлтүккө учурап, 400дөй калкы бар Чарбак айылына суу жана жол каттамы да токтоп калган. Жергиликтүү бийлик жана тургундардын аракети менен бүгүн аталган айылга айланма суу келип, жолду ачуу багытында да сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Ал аралыкта бүгүн айдоочулар жана Баткен районунун жогорку аймагынын тургундарынан 50дөй киши облус губернаторуна келип, чек ара маселелерин тездетип чечүүнү жана Сох анклавынан өтүүдө жол коопсуздугун мыйзам чегинде калыпка келтирүүнү талап кылып, эгер маселе чечилбесе Сох анклавын Өзбекстан менен байланыштыруучу жолду тосушаарын билдиришти. (JsA)

XS
SM
MD
LG