Нью-Йорктогу конференцияга катышкан 189 мамлекеттин өкүлдөрү биргелешкен декларация кабыл алышты. Документте “Жакынкы Чыгышта ядролук куралды жана массалык кыргынча салчу куралдын башка түрлөрүн колдонууга тыйуу салуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү 2012-жылы башташ керек” деп айтылат. Ал сүйлөшүүлөргө бири-бирин душман катары эсептеген Иран менен Израил да катышаары күтүлүүдө. Ошондой эле ядролук куралы бар Британия, Кытай, Орусия, АКШ жана Францияга ядролук арсеналынан тезирээк арылышына чакырык жасалды.