Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата иш-чаралар башталды


1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө байланыштуу бүгүнтөн тарта жер-жерлерде балдарга арналган иш-чаралар уюштурула баштады.

Бишкектеги Опера жана балет театрында бүгүн эртең менен балдарга арналган оюн-зоок салтанаты болду. Маданият министрлигинен маалымдашкандай, мындай иш-чаралар жер-жерлерде да өткөрүлүүдө.

Эл аралык балдарды коргоо күнү тууралуу чечим 1949-жылы Аялдардын эл аралык демократиялык федерациясынын атайын жыйынында кабыл алынган. Эл аралык балдарды коргоо күнү алгачкы жолу 1950-жылы белгиленген. Бириккен улуттар уюму да бул демилгени колдоп, балдардын укуктарын, өмүрүн жана ден-соолугун коргоону өз ишинин негизги багыттарынын бири катары тандап алган.

XS
SM
MD
LG