Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Кытай эки Корей мамлекетиндеги конфликтти тезинен чечүү зарыл деп билет


Кытайдын, Түштүк Кореянын жана Жапониянын лидерлеринин эки күндүк саммитин жыйынтыктап жатып, бүгүн Кытайдын премьер-министри Вен Цзябао ушундай билдирүү таратты. 26-мартта Түштүк Кореянын аскер кемеси жарылып кеткен эле. Анын себептерин иликтеген эларалык комиссия “буга Түндүк Кореянын катыштыгы бар” деген бүтүм чыгаргандан кийин, эки Корей мамлекетинин мамилелери кескин начарлап кеткен. Түндүк Корея 46 адамдын өлүмүнө алып келген кырсыкка эч тийиштиги жок экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG