Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Грузияда кечээ жергиликтүү шайлоо өттү


Добуш берүүдөн кийинки сурамжылоого караганда, Тбилиси шаарынын кеңешиндеги орундардын 60 пайыздайын президент Михаил Саакашвилинин Улуттук кыймылы жеңди. Шаар башчысы Гиги Угулава алгачкы жыйынтыктарга ылайык, бул кызматка кайрадан шайланат деп күтүлүүдө. Рустави-2 жана Имеди телеканалдары сурамжылоого шилтеме жасап маалымдашкандай, мэрликке ат салышкан оппозициянын өкүлү Ираклий Аласания добуштардын 17 процентин алды, ал эми ал жетектеген Грузия үчүн альянска шайлоочулардын 16 процентти ишеним көргөздү. Өлкөнүн калган аймактары боюнча сурамжылоонун жыйнытыктары жарыялана элек.

XS
SM
MD
LG