Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Ооган бийлиги бейөкмөт уюмдарды текшерет


Ооганстандын экономика министрлиги бардык бейөкмөт уюмдарды текшерүү үчүн атайын комиссия түздү. Бир нече убакыт мурун жергиликтүү телеканал норвегиялык уюм христианчылыкты жайылтып жатат деген кабар тараткан эле. Мындай аракеттер Ооганстанда кылмыш катары каралып, ал үчүн өлүм жазасы каралган. Министрликтин өкүлү Сыдык Амархилдин айтымында, норвегиялык уюмга байланышкан чатак "олуттуу камтама жаратат", шектүү бейөкмөт уюмдар жөн гана жабылбастан, алардын иши сот органдарына өткөрүлүп бериши ыктымал. Сөз болгон норвегиялык уюмдун маалымат өкүлү окуяны комментариялоодон баш тартты. Бир нече апта илгери Ооганстан өкмөтү финансылык документтерин тапшыра элек 150 чакты бейөкмөт уюмду жапкан.

XS
SM
MD
LG