Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Композитор Аскар Түлеевди эскерүү кечеси өтөт


Белгилүү композитор, симфонист Аскар Түлеевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеде анын композитор Атай Огонбаевге арналган “Атай” обону биринчи жолу жаңырат. Бул тууралуу “Азатыкка” Улуттук консерваториянын проректору Екатерина Лузанова кабарлады. Анын айтымында, “Атай” - А.Түлеевдин аягына чыгпай калган чыгармасы. Консерварториянын демилгеси менен чыгарма аягына чыгарылып, анын төрт бөлүгү тең эскерүү кечеде тартууланат. Концерт эртең, 1-июнда Улуттук филармонияда өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG