Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Өзбекстан Сох анклавына кошумча миң аскер алып кирди


Баткендеги кабарчыбыздын облустук бийликтин маалыматына таянып кабарлашынча, Өзбекстан Кыргызстандын ичинде турган Сох районуна атайын даярдыктагы миң аскер жана беш райондогу милиция күчтөрүн киргизди. Ага бул райондогу Хушяр айылы менен ага чектеш Баткендин Согмент айылындагы элдин ортосундагы мамиле татаалдашып, кырдаал курчуп баратышы себеп болгон. 26-майда кошуна эки элдин ортосунда чыр чыгып, чоң чатакка айланып кете жаздаган. Кырдаалды жергиликтүү бийликтер эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салганы менен маселе толук чечилбей кала берген.

Чыр жайыт талаштан чыгып, 26-май түнү Өзбекстандын Хушяр айылынан өтүп бараткан кыргыз атуулдарына тиешелүү 3 жеңил унааны кошуналар таш бутага алышып, 3-4 саат барымтада алып отурушкан. Эртеси күнү ага нааразы болгон кыргыз айылынын тургундары чек арага топтолушкан эле. Ошондон бери да өзбек тарап кыргыз жарандарына ыдык көрсөтүүсүн улантып, кыргыз тараптан талкаланган автоунаалардын саны онго жеткени кабарланууда. Учурда Баткен облусунун тургундары Сох анклавына кирбей өтүүчү айланма жолдор аркылуу катташууда.

Ошондой эле бүгүн эртең мененден тарта Кадамжайдын Бүргөндү өрөөнүндөгү Жаш-Тилек айылына кыргыз жарандары чогула баштаганы кабарланууда. Кабарчыбыздын айтымында, алар Сохту Өзбекстан менен байланыштырган негизги жолду жабууга ниеттенип жатышат.

Өзбекстандын Сох анклавы Баткен облусунун ичинде жайгашып, Ош-Баткен жолу аны кесип өтөт.(SM)

XS
SM
MD
LG