Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Бишкекте жалпы улуттук курултай өтөт


"Кыргыз эл биримдиги" уюму чакырып жаткан курултай 12-июнга белгиленди. Ага Кыргызстанда жашап жаткан бардык улуттун өкүлдөрү, чет өлкөдө иштеп жүргөн эмгек мигранттары жана Орусия, Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Кытай, Тажикстан, АКШ, Жапония жана башка өлкөлөрдө туруктуу жашаган мекендештер чакырылган. Мындан сырткары жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышмакчы. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында курултайдын уюштуруучулары билдирди. Коомдук ишмер Алмамбет Матубраимовдун айтымында, курултайда жети маселе каралат. Алар: кыргыздардын тарыхы, өлкөнүн келечеги менен баалуулуктары, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү; Конституциянын долбоорундагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн белгилениши; "Кыргыз эл биримдигинин" референдумга мамилеси, Кыргызстандын келечеги жана жаштар сыяктуу маселелер талкууга коюлуп, сунуштар айтылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG