Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Жарандык коом референдумга көз карандысыз байкоо салат


Кыргызстандагы “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы 27-июнда боло турган референдумга байкоо жүргүзүү үчүн көз карандысыз өнөктүк башталганын жарыя кылды. Маалыматка караганда, добуш берүү күнүнө чейин атайын окуудан өткөн 35 байкоочу иштейт. Алар аймактардагы коомдук-саясий кырдаалга да көз салмакчы. Мындан сырткары коалиция миңден ашуун көз карандысыз байкоочуларды окутуп, алар 500 шайлоо бекеттеринде байкоо иштерин жүргүзөт. Ошондой эле аталган коалиция Борбордук шайлоо комиссиясы менен бирдикте шайлоочулардын тизмесин тактоо өнөктүгүн жүргүзүү ниетин билдирүүдө. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG