Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:56

1-июнда Нарында ачкачылык акциясы башталат


1-июнда 12 адамдан турган топ жергиликтүү бийликке коюлган үч талап аткарылбагандыктан мөөнөтсүз ачкачылык акциясына чыгууга даярданышууда. Бул жөнүндө алардын бири Канайым Бердибаева «Азаттыкка» билдирди. Алар буга чейин облус губенаторунун милдетин аткаруучу Адыл Эсенбековго обладминистрациядагы пенсия курагындагыларды жумуштан кетирүү, шаар мэрин орун басарлары менен бирге алмаштыруу, «Ак Жол» партиясынын акыркы парламенттик, президенттик шайлоону бурмалаган активдүү мүчөлөрүн жумуштан кетирүү боюнча талаптарды коюшкан. “Убакыт өткөнүнө карабай ал иштер аткарылбагандыктан ушуга барууга мажбур болдук” дейт К. Бердибаева. Ал эми шаардык мэрия мындай иш чарадан кабардар болбогонун билдирди.

XS
SM
MD
LG