Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Сох аркылуу кыргызстандыктар өтө албайт, бирок өзбекстандыктар кире алат


Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Чек ара кызматынын төрага орун басары Чолпонбек Турусбеков билдирди. Анын айтымында, дүйшөмбү күнү орун алган окуяларга байланыштуу Сох анклавын Өзбекстандын калган аймагы менен байланыштырган негизги жолдогу Кайтпас чек ара бекети убактысынча жабылды. Коопсуздукка байланыштуу Кыргызстандын жарандарынын Сохту транзиттик жол катары пайдалануусуна тыюу салынды, бирок Өзбекстандын жарандары анклавка башка бекеттер аркылуу кирет алат:

-Кырдаалга байланыштуу бүгүн Кайтпас бекети жабык. Бирок Өзбекстандын жарандары Сох анклавына киребиз десе Кадамжайдан өтүп, Чечме деген бекетибиз аркылуу кирип кетсе болот.

Мунун алдында дүйшөмбү күнү Сох анклавы менен Өзбекстанды байланыштырган Сох-Риштон жолун Баткендин 500дөй тургуну бууган эле. Чогулгандар өзбек тараптан коопсуздук кепилдиктерин талап кылышкан. Алардын ырастоосунда, соңку күндөрү Сох анклавы аркылуу өзбек айылдарынын жанынан өтүүдө кыргызстандык жүргүнчүлөр кол салууларга кабылып жатат. Андай кол салуулардан акыркы беш күндө жергиликтүү тургундардын айтымында он автоунаа зыян тарткан. Чек ара кызматынын төрага орун басары Чолпонбек Турусбеков “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде Сохко Өзбекстандан кошумча аскерлер киргизилген деген айрым маалыматтарды четке какты. Анын айтымында, анклавтын ичинде Өзбекстандын мурда эле жайгаштырылган чек ара күчтөрү, парашюттук –десанттык батальонунун аскерлери турат. Эки күн мурда гана ички тартипти сактоо үчүн милициянын куралсыз 40тай кызматкери Кыргызстандын Кайтпас көзөмөлдөп-өткөрүүчү бекети аркылуу киргизилген. Эртең эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусу өтөт. Кадамжайда же Ферганада өтөрү күтүлүп жаткан сүйлөшүүдө көзөмөлдөп -өткөрүүчү бекеттердин режими жана Сох анклавындагы абал талкууланат. (UE)

XS
SM
MD
LG