Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:11

БУУнун Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулат


Анда Коопсуздук кеңеши Израиль аскерлеринин Газа секторуна жардам алып бара жаткан кемелерге жасаган бүгүнкү жортуулун талкуулары күтүлүүдө. Жортуул учурунда кеминде 9 адам өлүп, 50дөй киши жаракат алган. Эл аралык коомчулук Израилдин аракетин негизинен айыптады.

Тель-Авивдин мусулман дүйнөсүндөгү саналуу өнөктөштөрүнүн бири Түркия окуяны “мамлекеттик террорчулук” деп баалады. Газа секторуна жүк тартып бара жаткандардын көч башындагы кемеде жүргөн 600дөй адамдын 400гө чейинкиси түркиялыктар болгон. Бул окуядан улам Анкара Израиль менен биргелешкен аскерий машыгуусун токтотуп, өз элчисин чакыртып алды жана эки тараптуу алакага олуттуу доо кетиши мүмкүн экенин эскертти. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон Израилден толук иликтөө жүргүзүүнү талап кылышты. АКШдан Ак үйдүн малымат катчысы Уильям Бартон адамдардын өмүрү кыйылганына терең өкүнүч билдирди. Орусиянын тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө окуяны эл аралык мыйзамдын “одоно бузулуусу” катары баалады.

Бул аралыкта Израилдин ушу тапта Канада да жүргөн премьер- министри Биньямин Нетаньяху мекенине кайтуу үчүн АКШга белгиленген визитин токтотконун билдирди.

XS
SM
MD
LG