Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Жалал-Абат шаары менен Сузак районунда коменданттык саат бүттү


Аталган аймактын коменданты Бактыбек Алымбеков өзгөчө абал маалында коомдук тартипти көзөмөлдөө, улуттар аралык жаңжалдарды болтурбоо боюнча күч органдарынын иш-аракеттеринин жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, коомдук тартипти көзөмөлдөөгө миңге жакын күч органдарынын кызматкерлери жана төрт жүздөй элдик кошуундун өкүлдөрү тартылды. Б. Алымбеков өзгөчө абал маалында мүмкүн делген баардык жаңжалдар алдын алынып, кырдаал толук көзөмөлдө болду, деп билдирди. 19-майда Жалал-Абат шаарындагы тополоңдон улам Убактылуу өкмөт аталган шаар менен Сузак районуна өзгөчө абал жарыялап, 1-июнга чейин коменданттык саат киргизген. Тополоңдон кеминде үч адам каза болуп, жетимиштен ашууну жаракат алган. (EBM)

XS
SM
MD
LG