Бул маалыматты Кыргызстандын Чек ара кызматанын жетекчисинин орун басары Чолпонбек Турусбеков “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, кечээ эки өлкөнүн Чек ара кызматынын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы абалды жөнгө салуу максатында жолугушууга макулдашышкан. Маалыматка караганда, алар бүгүн Фергана шаарында же Кадамжай районунда жолугушат.
Чек ара кызматынын маалымат кызматынын кабарлашынча, чек ара аймагындагы кооптуу абалга байланыштуу Баткен чек ара отряды Согмент айылында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Азыркы учурда бул аймакта кырдаал тынч.
31-майда кыргыз тарап Баткендин ичиндеги Сох анклавы менен Өзбекстанды байланыштырган негизги жолду жапкан. Ага бул аймакта кырдаал курчуп кетиши жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыкпай жатышы себеп болду. Анын алдында Өзбекстан Сохко кошумча аскер күчтөрүн киргизгени кабарланган. (КЕ)