“Азаттыктын” Баткендеги кабарчысынын айтымында, бүгүн (1-июнда) чак түштө Баткен районунун Бүргөндү аймагындагы Жаш-Тилек айылында Сох анклавынын Өзбекстандын негизиги бөлүгү менен байланыштырган жолдо 250дөй адам чогулуп турат.
Алар Сох анклавы аркылуу өткөн транзиттик каттамды калыбына келтирүүнү жана кошумча орнотулган чек ара бекеттерин алдырып салууну талап кылып жатышат. Ошондой эле чогулгандар чек ара маселесин чечүүнү тездетүүнү суранышууда.
Ал эми Сох анклавына жакын Согмент жана Чарбак аймактарында абал тынч. Айрым саясий партиялардын Чарбак айылына азык-түлүк жана дары-дармек жеткирүүнү пландаштырып жатканы кабарланууда. Ушул тапта чогулгандар менен Баткен облусунун губернатору Султанбай Айжигитов менен Чек ара кызматынын жетекчиси Курбанакун Матеновдун жолугушуусу күтүлүүдө. (КЕ)