Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:03

Москвада киши колдуу болгон кыргыз жаранынын аты-жөнү такталды

Кечээ, 31-майда айрым маалымат булактарында Москва шаарынын Басманный районунда кыргыз жараны киши колдуу болгону кабарланган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн ал жарандын аты-жөнү такталганын билдирди. Мерт болгон адам 1967-жылы туулган, Кадамжай районунун тургуну Нурмамат Орунбаев экени тастыкталган. Маркум Москвада көчө шыпыргыч болуп иштечү экен.

Орусиянын тартип коргоо органдарынын маалыматы боюнча, окуя 29-майда кечки саат төрттөр чамасында болгон жана бул окуяга тиешеси бар делип Казакстандын жараны, беш жолу камалып, абактан жаңы эле чыккан адам кармалган. Катталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. (КЕ)
​
XS
SM
MD
LG