Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Жумабек Зикирбаев кармоо учурунда мерт болду


Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук кызматынын ыкчам иликтөө тобу тарабынан качып кеткен Жумабек Зикирбаев, Чыңгыз Мамытов жана Улан Кожоев кармалган. Кармоо учурунда Ж.Зикирбаев мерт болгон. Бул маалыматты “Азаттыкка” ИИМдин маалымат жана коомдук байланыш башкармасынын тастыктады. Анын кандай жагдайда каза болгону азырынча белгисиз.

24-майда кечке маал Биринчи май райондук соттун жанында атышуу болуп, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Руслан Шаботоевди, дагы бир депутат Жусуп Жээнбековдун уулу Бактияр Амиражановду жана ишкер Игорь Гизейди өлтүрдү деп шектелген жогоруда аты аталган үч жаран качып кетишкен. Атышуудан кароол башчысы набыт кеткен. Ошол күнү бул үчөөнүн иши боюнча сот башталган болчу. Р. Шаботоев 2008-жылы сентябрда дайынсыз жоголуп, толук бир жылдан кийин сөөгү табылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG