“Азаттыктын” Баткендеги кабарчысынын маалыматы боюнча, ушул тапта Кыргызстан менен Өзбекстандын Чек ара кызматынын жетекчилери Фергана облусуна караштуу Водил айылында сүйлөшүүлөрдү баштады. Сүйлөшүүгө кыргыз тараптан Чек ара кызматынын жетекчиси Курбанакун Матенов, Баткен облусунун губернатору Султанбай Айжигитов, Кадамжай районунун акими катышууда. Өзбек тараптан Чек ара кызматынын жетекчиси Руслан Мирзоевден башка кимдер катышып жатканы азырынча тактала элек.
Акыркы күндөрдө Баткендеги Сох анклавынын тегерегинде кырдаал курчуп, кечээ кыргыз тарап Сохту Өзбекстан менен байланыштырган жолду жапкан. Ага буга чейинки эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн эч кандай натыйжа чыкпашы себеп болгону айтылган. (КЕ)