Бүгүн Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев айкелчилер Аскат Турумбеков менен Марат Окобаевди кабыл алды. Алар киши колдуу болгон журналист Геннадий Павлюктун эстелигине эскиздин бир канча вариантын сунушташкан. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Көз карандысыз журналист Г.Павлюк былтыр декабрь айында Алматыда киши колдуу болуп каза болгон.
Ушул эле күнү Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева чыгармачыл чөйрө менен жолугушуп, анда Кыргызстандын маданият тармагын өнүктүрүү маселеси талкууланды. (КЕ)