Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Нарын районуна жаңы аким келди


Нарын районунун акиминин милдетин аткаруучу болуп Тазабек Мамыров бекиди. Экс-губернатор Тынчтыкбек Чекиевдин убагында бошогон Т. Мамыров буга чейин аталган райондун акиминин орун басары болуп иштеген. Аны Нарын районунун активи менен облус губернаторунун милдетин аткаруучу Адыл Эсенбеков тааныштырды. Ушундай эле алмаштыруу жакында Жумгал районунда болгон. Андан сырткары ушул күнү облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Нарын районунун прокурорунун милдетин аткаруучулар жаңы дайындалганы белгилүү болду. (JI)

XS
SM
MD
LG