Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Пакистан "ахмадилерди" коргоого алууга убада кылды


Өткөн аптанын жума күнү Пакистанда ахмадилердин эки мечитине куралчан адамдар чабуул коюп, 93 адамды өлтүрүп кетишкен. Расмий бийликтер муну "Ал-Каида" жана талиптер менен байланыштагы радикал топтор жасаган деп билдиришкен. Бирок ахмадилер өздөрү аларды бийликтер дурус коргой алышкан жок дешет. Азчылыктар министри Шахбаз Батти мындан ары ахмадилерди коргоого ал колдон келгендин баарын жасай турганын айтты. Бул диний сектанын өкүлдөрүн өлкөдө көпчүлүк "динден чыккандар" деп билет.

XS
SM
MD
LG