Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:38

Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүү аяктады


Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилери баштаган топтордун сүйлөшүүсү кечки саат ондон өтүп аяктаганын аймактагы кабарчыбыз билдирди.

Сүйлөшүү Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Водил айылында өтүп, ага кыргыз тараптан Чек ара кызматынын жетекчиси Курбанакун Матенов, Баткен облусунун губернатору Султанбай Айжигитов, Кадамжай районунун акими, өзбек тараптан Чек ара кызматынын жетекчиси Руслан Мирзоев баштаган топ катышты. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча азырынча маалымат бериле элек. Кадамжайдын Жаш-Тилек айылында болсо бир канча эл ошол жолугушуунун жыйынтыгын күтүп, топтолуп турганы кабарланууда. Эки тараптуу бул жолугушууда кандай чечим кабыл алынганы ошол топтолуп турган элдин алдында жарыя кылынаары күтүлүүдө.

Акыркы күндөрдө Баткендеги Сох анклавынын тегерегинде кырдаал курчуп, 31-майда кыргыз тарап Сохту Өзбекстан менен байланыштырган жолду жапкан. Ага буга чейинки эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн эч кандай натыйжа чыкпашы себеп болгону айтылган. (SM)

XS
SM
MD
LG